Спорт
Бишкекте позитивдүү ата-энеликке үндөгөн футбол фестивалы өттү
Бишкектеги «Ынтымак» паркында 50дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген баланын катышуусунда футбол фестивалы өттү.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, позитивдүү ата-энеликке үндөгөн фестиваль Европалык жайкы фестивалдын алкагында 27-майда өткөрүлгөн.
Балдар менен бирге фестивалга ата-энелери да келип, алар менен чогуу футбол дүйнөсүнө чөмүлө алышты.
Иш-чаранын башкы максаты – позитивдүү ата-энеликти жайылтуу жана ага үндөө
ЮНИСЕФ уюштурган фестиваль Кыргыз футболдук союзу менен кызматташтыкта жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен орун алды.