Бала кезде алган психологиялык жараат кандай из калтырат

Адамдын жүрүм-турумунан тарта ооруларына чейин бала кездеги стресс, депрессиядан улам келип чыгат. 

Адис кайсы адат эмнеден улам пайда болгонун санап берди:

Ишенбөөчүлүк

Кичине кезинде көп ооруп, дарылоо учурунда абдан кыйналган бала. Ошол эле учурда ата-эненин ашынган камкордугуна “муунуп” чоңойгон бала ушундай болот.

Ашыкча агрессия

Чоңдордон тил угуп, жемеленип, жазанын ар кандай түрүнө дуушар болуп чоңойгон бала.

Өзүн дайыма күнөөлүү сезүү

Адатта ата-энеси таштап кеткен балдар.

Майда-барат катачылыктарды трагедияга айландыруу

Бала кезинен тарта өз көйгөйүн өзү чечип, ага кошуп чоңдор үчүн жоопкерчиликти алып алгандар.

Кумирге байлануу

Ата-энеси башка жыныстагы балалуу болгусу келип, муну дайыма угуп чоңойгон бала. Ошондой эле балдардын бирин сүйүп, экинчисин жерип чоңойткон ата-эненин баласы дагы башкалардын пикиринен абдан көз каранды болуп калат.

“Жок” деген жоопту кабыл ала албагандар

Кичине кезинде атасы же апасы каза болгон же экөө тең таштап кеткен бөбөктөр.

Өзүн баалабагандар

Ата-энеси бала кезде оголе катуу көзөмөлдөп, күн “көрбөй” чоңойгон киши. Адатта ата-эне мындай баланын ой-пикири менен эсептешпейт, аны баалабайт.