Эстрада ырчысы Съездбек Искеналиевдин “Мына минтип” деген ыры мындан бир топ жыл мурда жарык көргөн.
Бирок азыр “Тик-Токто” болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жетти. Бул тууралуу ал коомчулукка бир кездерде чогуу иштешкен белгилүү журналист жана продюссер Тынчтыкбек Кожобаев билдирди.
“Бул чыгарманы дүйнө жүзү боюнча көрүп жатышат. Музыканын тили жок дегендей, дүйнө эли кыргыз тилин түшүнбөгөнү менен чыгарма шайыр болгондуктан бүт дүйнөгө жагууда” деп билдирди Тынчтыкбек мырза.