УКМК: Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Финансылык уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемаларды демонтаждоо, көмүскө акча каражаттарын адалдоого багытталган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүндө, криптовалюталар аркылуу системалуу түрдө акча каражатын адалдоо боюнча маалыматтар алынган.

Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында бир катар “Тезерлерди” алмаштыруучу жайлар  бар. Ошол эле учурда, 2022-жылдын аягынан тарта “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзам” ченемдик укуктук актысы чыккан. Мыйзам виртуалдык активдердин жүгүртүү чөйрөсүндөгү негизги түшүнүктөрдү, аларды жүгүртүүнүн өзгөчөлүгүн белгилейт.

Буга байланыштуу, криптовалюталарды мыйзамдуу алмаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан лицензиялык уруксаттар талап кылынат.

Бирок, айрым акча алмаштыруу жайлары жана жеке адамдар тиешелүү лицензиясы жок иштеп жатышат. Ошол эле учурда, жашыруун акча алмаштыруу жайлары анонимдүү түрдө акча алмаштырып/жөнөтүшүүдө, бул өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратат. Бул аракеттер эч кандай жөнгө салуучу органдардан көз каранды эмес, эң негизгиси, салык салуудан качуу жана аны алып-сатарлык финансылык инструмент катары колдонуу мүмкүнчүлүгү.

Жогорудагы фактылар боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) боюнча кылмыш иши козголду.

Лицензиясы бар жеке фирмалар жана лицензиясы жок айрым жарандар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарга тезерлерди алмаштырып/жөнөтүп жаткандыгы аныкталды.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, – деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.