Спорт
Алты өлкө катышат. Дем алыш күнү Бишкекте өзгөчө марафон болот
Бишкекте алгачкы жолу Россия менен биргеликте уюштурулган жарым марафон өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдирди.
Анын өзгөчөлүгү — ошол эле күнү Россиянын 85 аймагындагы 150 миңден ашуун адам катышкан «ЗаБег.РФ» деген аталыштагы марафон болот. Мындан тышкары, 10 миңге жакын жөө күлүк Беларусь, Тажикстан, Кытай жана Арменияда жарышка түшөт.
4-июнда өтчү иш-чараны Кыргызстандан Жеңил атлетика федерациясы менен Россиянын «Лига героев» бирикмеси уюштуруп жатат.
Жарым марафондун негизги максаты – сергек жашоо образын жана спортту жайылтуу.
One Run марафону — биринчи жолу Россияда 2017-жылы өткөн. Бул жылы иш-чара эл аралык статуска ээ болуп, Россиянын чегинен башка жерге ишке ашканы турат.