Ала-Арча жаратылыш паркы эки күнгө жабылат. Себеби

Ала-Арчада эс алууну көздөп жаткандарга дем алыш күндөрүн алдын ала пландап алуу сунушталат.

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы 6-июнь жана 10-июнь күндөрү жабык болот. Бул тууралуу парктын администрациясы кабарлады.

“Бул күндөрү паркты тазалоо, ички оңдоо иштери жүргүзүлөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Андыктан Ала-Арчада эс алууну көздөп жаткандарга дем алыш күндөрүн алдын ала пландап алуу сунушталат.

Ала-Арча паркы — Бишкек шаарынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаардыктардын сүйүктүү эс алуучу жайына айланган жерлердин бири.