Коом
Израилде кыргыз элине ыраазычылык ташы коюлду

Кеп Экинчи дүйнөлүк согушта еврей үй-бүлөлөрүн калкалаган кыргызстандыктар тууралуу болуп жатат.
«Кыргызстанда эки ысым эрктүүлүктүн символу болуп калды. Бири — эвакуацияланган 150 баланы багып алган Токтогон Алтыбасарова. Экинчиси — эвакуацияган Эстер Сингер», — деди ачылыш аземине катышкан министр Кудайберген Базарбаев.
Тилекке каршы, Эстер көптөгөн балдар сыяктуу эле жол азабынан каза тапкан. Ага эстелик Чүйдүн Сретенка айылында орнотулган.



