Коом
“Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти наамдары бар. «Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Сүйүү закымдары», «Адамдардын арасында», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн» жана башка белгилүү кинолордун режиссёру.
Залкар режиссер 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында дүйнө салган.



