Окуялар

УКМК: Элди коркутуп, тоногон К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. аттуу жаран кармалды.

Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргыз Республикасынын жаранынан “Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын күч колдонуп тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.С.Т. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button