Бишкекте үч үй өрттөнүп жатат

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Лазурный көчөсүндө жакын жайгашкан 3 турак үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 10:38тө Биринчи май райондук №4 АӨКБдан, саат 10:46да Биринчи май райондук №8 АӨКБдан 1, саат 10:46 Биринчи май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Буга кошумча 10:55те Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, саат 10:58де Ленин райондук №28 ӨКБдан 1, саат 11:01де Ленин раондук №6 ӨКБдан 1, Биринчи май райондук №8 АӨКБдан 1, жалпысынан 7 күжүрмөн эсеп жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылган. 

Саат 11:24тө өрт чектөөгө алынды.