Коом

Бишкекте айрым автобус жана маршруткалардын кыймылы убактылуу өзгөрөт

2023-жылдын 25-июлунан 5-августуна чейин өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жер иштерин жүргүзөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу төмөнкү коомдук транспорттордун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү:

— №35 автобустук каттам Москва көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисине чейин жана андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

— №48 автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

— №131 маршруттук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча каттайт.

— №121 маршруттук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча жүрөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button