Коом
12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди

Эми ал Кара-Кече кенине келген күчтү азайтууга жардам берерин Жыргалаңга барган Акылбек Жапаров билдирди.
Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр казылмакчы. Кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет. Бул аймактардын кара алтынга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай аларын айтышты.



