Коом
Бостериде каза тапкан 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча дагы 2 милиция кызматкери кармалды

Бостериде 23 жаштагы Талас облусунун тургунунун өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиция кызматкери кармалды. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кармалгандар 48 саатка камакка алынды. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралат.
Буга чейин иш боюнча 3 милиция кызматкери кармалган. Аларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголгон.



