Коом

Диний экстремисттик агымынын мүчөсү кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик агымынын аялдар канатынын лидерлерин, мүчѳлѳрүн аныктоо багытында жүргүзүлгѳн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында “Самира” (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран террористик жана экстремисттик материалдарды таркаткандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча маалыматтык электрондук журналына катталып, аныктоо иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө: Самира социалдык тармактардан аял кишилердин кийим кечелерин сатуу учурунда террористик жана экстреммисттик чакырыктарды (Нашида) жайгаштырып таратып жүргөндүгү аныкталды.

Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык изилдѳѳгѳ берилген материалдарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмуна мүнѳздүү материалдар экендиги такталган.

Кыргыз Республикасыныны Кылмыш-Жаза Кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу ) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү деп 21 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну С.А.,экендиги такталып, тергѳѳ кызматына алынып келинген.
Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button