Африканын Камерун өлкөсүнүн 45 жаштагы жараны 9 ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди. Маду Обианужу аттуу камерундук аял ЭКО жолу менен балалуу болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Наристелердин алтоосу кыз, үчөөсү эркек. Аялдын мындан башка 14 жаштагы эгиз балдары бар. Алардын бири кыз, бирөөсү эркек бала.
Маду Обианужу дүйнөдө 9 баланы жарык дүйнөгө алып келген экинчи аял. Буга чейин 2021-жылы африкалык Мали республикасынан Халима Сиссе аттуу аял да 9 ымыркай төрөгөн.



