№1 тергөө абагындагылар кандай шартта кармалууда?

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мониторинг жүргүзүп, төмөнкү маалыматты таратты.Кызматкерлер барганда Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыров болгон эмес, аларды сотко алып кетишкен.
Равшан Жээнбеков боюнча №1 тергөө абагынын кызматкерлери берген маалыматы боюнча, Жээнбековду 1-кабаттагы камерага бир аз мурда которушкан, анткени 2-кабатта оңдоо иштери жүрүүдө. Аталган камерада 5 адам кармалууда, бул улуттук мыйзамдарда каралган нормалардын талаптарына жооп берери айтылат.
Ал эми Молдокматов жана Кадыровдун камераларын кароодо кармоо шарттарынын одоно бузулган учурлары аныкталган эмес. Азимбек Бекназаров кармалган камера авариялык абалда экени айтылат.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Акыйкатчы институту биринчи кабаттагы авариялык абалдагы камераларда жаткандарды көчүрүүнү талап кылган.
@user2



