◾️Учактагы төрт адамдын баары пилот болгон. Үч кыргызстандык контракт менен 2 айга келишкен. Аларды Кыргызстандагы “Транс Караван” деген фирма жөнөткөн.
◾️Куткарылган пилот Эркин Исабеков ооруканада, абалы жакшы. Туугандары ооруканага бүгүн-эртең барып калары күтүлүүдө.
◾️Түрк басылмалары кыргызстандык учкуч жээкке өзү сүзүп чыгып, куткаруучулар аны ошол жерден табышканын жазышууда.