Сокулукта эки үй жана 300 түк чөп өрттөнүп кетти

Чүйдүн Сокулук районунун Совхоз-Фрунзе айылында жалпы аянты 80 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындан тышкары Камышановка айылында жалпы аянты 150 чарчы метр болгон турак үй жана жыйылган 300 түк чөп күйгөн.

Кырсыктардын себеби такталууда.