Коом

Эч качан кеч эмес. 104 жаштагы америкалык аял парашют менен секирди

104 жаштагы америкалык Дороти Хоффнер парашют менен секирди. Анын эр жүрөктүүлүгү тартылган видео социалдык тармактарга тарап кеткенин Tengritravel.kz жазды.

 ЖМКлардын маалыматына караганда, секирүү болжол менен жети мүнөткө созулуп, болжол менен 4100 метр бийиктиктен учурулган. Америкалык пенсионер 100 жашында биринчи жолу парашют менен секирген.

Дороти Хоффнер дүйнөдөгү парашюттан секиген эң кары адам болууну үмүттөнөт. Бул үчүн Гиннестин рекорддор китебине арыз берилээри такталган. Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, дүйнөдөгү эң кары парашютчу азыр швециялык Рут Ларсон. 2022-жылы ал 103 жашында секирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button