Коом

УКМК: Чет элдик жарандарга мыйзамсыз миграциялык канал уюштургандар кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,  2023-жылдын 11-октябры Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Пакистан Ислам Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстан тарапка кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүү фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1983-жылы туулган Э.Б.И. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны Чүй облусунун аймагынан кармалды.

2023-жылдын 12-октябрында кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин  2-бөлүгүнүн 2-пункту (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана алып чыгуу) кылмыштын негизинде козголуп, Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз миграциялык каналды уюштуруучуга 1700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын которууда, 1982-жылы туулган Б.А.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.  

Алар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу чет элдик жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button