Коом

Быйыл 9 айда Баткен облусуна 1,14 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын 9 айында Баткен облусуна 1,14 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен облусунун өнүгүү программасына (статус) — 500 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды.

Ишкерлерге бюджеттик кредиттер

— 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга — 90,2 млн сом бөлүндү.

Бюджеттер аралык трансферттер

— Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 01-август айына чейин республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 368 млн сом каржыланган. Алар:

— теңдөөчү трансферт – 246,2 млн сом;

— максаттуу трансферттер – 121,8 млн сом.

Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 178,8 млн сом каржыланды, анын ичинен:

— Облустук өнүктүрүү фонду 117,4 млн сом;

— Райондук өнүктүрүү фонддору — 61,4 млн сом.

— өз алдынча жергиликтүү органдарга — электр энергияга 11,6 млн сом каржыланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button