Коом

«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, «Сосновка» постунда саат 10:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 117-142 жана 187-209-чакырым аралыктары тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Өлкөнүн башка ашууларында жааган кар аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттүү материалдар себилип жатат. Каттам бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button