Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы эми Ташкентке сатылат

Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасын Ташкентке сатуу боюнча макулдашылды. 

Товар алгач лабораториядан өтүп, биринчи партиясында 1000 тонна жөнөтүлөт.  Экономика министрлиги Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков ал жактагы ири импортчулар менен келишимге кол койгонун билдирди.