ИИМ: Республика боюнча “Мал уурулугу-Ветеринардык көзөмөл” алджын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Айыл чарба министрлигинин биргелешкен буйруктарынын негизинде 2023-жылдын 1-декабрынан 10-декабрына чейин республиканын аймагында “Мал уурулугу-Ветеринардык көзөмөл” аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Аталган рейддик иш-чарасы мал уурдоонун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу, республиканын аймагында айыл чарба малдарын жана жаныбарлардан алынган азыктардын өтүшүн көзөмөлдөө, базарларда жана дүкөндөрдө сатылып жаткан эт жана эт азыктарынын сапатын ветеринардык-санитардык текшерүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 10 айында мал уурулук боюнча 607 кылмыш катталып, 463 кылмыштын бети ачылган. Бул аралыкта жалпысынан 1663 баш мал уурдалган. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 1100дөн ашык уурдалган мал, анын ичинде жылкылар, ири жана майда малдар ээлерине кайтарылган.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызмат менен биргеликте мал базарларды, мал соючу жайларды, колбаса цехтерин, анын ичинде тери кабыл алуучу жайлардын ишин, этти сатып алуу-сатуу менен алектенген жеке жактарды текшерүүдө. Көрүлгөн чаралар уурдалган малдын этин мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктоого багытталган.
Бул текшерүүлөргө кылмыш иликтөө кызматкерлеринен, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнөн, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жана башка кызматтардын инспекторлорунан, ошондой эле Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринен тартылган.
Рейддик иш-чаралар бардык ири соода жана базар комплекстеринин аймагында жүргүзүлөт, ал жерде көбүнчө ири жана майда бодо малдын этин дүңүнөн жеткирүү. Жаныбарлардын терисинин астына киргизилген биркалар жана микрочиптер боюнча жаныбарларды (ири мүйүздүү малды) идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасынын программалары колдонулат.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин маалыматына ылайык, рейддердин жүрүшүндө базарда өлгөн малдын этин сатууга бөгөт коюлду. 3-декабрга караган түнү борбор калаадагы базарлардын биринин аймагынан Ички иштер министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин ветеринардык кызматынын кызматкерлери жүк ташуучу унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын арткы бөлүгүнөн 3 баш бодо малдын эти табылган. Учурда текшерүү жүрүп, керектүү экспертизалар дайындалды.
“Мал уурулугу-Ветеринардык көзөмөл” рейддик алдын алуу иш-чаралары аяктагандан кийин кошумча маалымат берилет.



