Коом

Кар жаайт. 11-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору 11-январга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +4…+9, Ысык-Көл облусунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8…+13, Нарын облусунда -2…-7 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын күндүзгү температурасы +7…+9 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button