КоомОкуялар

Таласта катуу шамал катталып, көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кеткен

Талас шаарында ылдамдыгы секундасына 18 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Окуя 10-январда болжол менен кечки саат 19:01лер чамасында катталган. Катуу шамал шаардын Бердике Баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырын учуруп, ал короодо токтоп турган унааны басып калган. 

Жерине үч куткаруучу барып, чатырдын калдыктарын тазалашкан.

Учурда үйдүн чатырын оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button