ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Эркек 72 жашында деле ажыраша берет экен

Бул окуя менин керт башымдан өттү. Окуп калган кыз кыркынга сабак болор деп жазып жатам. Мен 35 жашымда үч баламды жетелеп, өзүмдөн 20 жаш улуу, бай адамга экинчи аял болуп турмушка чыккам. Алгач туугандарым колунда бар киши, балдарыңа карашат, аялы менен ажырашканы жатыптыр, жалгыз үч баланы кантип бутка тургузасың, атасы да каза болуп калган дешип акыл айтышты.

Ал эми, эл ар нерсени айтты. «Экинчи аялдын бактысы болбойт» дегендер болду. Бирок мен балдарым үчүн деп бир эки кезигип сүйлөшкөн соң макул болдум. Балдарымдын келечеги кең болсун, алар атанын мээримин көрсүн деп көп нерсеге көз жумдум.

Жылдар өттү… Бир эмес, эки эмес, туптуура 17 жыл өмүрүмдү ошол адамга, ошол үйгө арнадым. От менен кирип күлү менен чыгып жаттым. Бирок балдарымды жакын жолотпой койду. Кубанычым да, көз жашым да ошол үйдүн дубалдарына сиңди. Ооруса жанында болдум, кыйналса тиреги болдум. Үйүн үй кылдым, очогун өчүрбөдүм.

Убакыт мени да өзгөрттү. Чачыма ак аралашты. Бетиме бырыш түштү. Бирок жүрөгүмдөгү ишеним өзгөргөн жок. Бир күнү ал мага муздак үн менен:

– Сен жасаган тамактын даамы жок, жууган кирлериң тазарбайт… Бар… кет. Мен сен менен мындан ары жашабайм. Мен биринчи аялым менен жашайм, – деди.

Ошол сөз жүрөгүмдү миң сыныкка бөлдү. Ошол күнү мен 52 жашта элем. Ал болсо 72ге чыккан. Мен ага жаштыгымды, өмүрүмдүн эң сулуу жылдарын берген экенмин. Ал болсо мени эң керектүү эмес болуп калган учурда таштап кетти.

Мен ага турмушка чыккан күнү бир кошуна келин:

— Биринчи аялды эптебеген эр сени көкөлөтүп багат деп ойлодуңбу? Сен үчүн аялы менен ажырашты, бирөөнүн көз жашынан коркпогон аял экенсиң, — дегени эсиме түштү.

Ал убакта балким ойлору бир чыкпай, кыялдары келишпей эки жолго түшкөн чыгар деп ойлогом. Көрсө терең жаңылыпмын.

Бирок убакыт мага дагы бир чындыкты үйрөттү. Мени таштап кеткен адам эмес, мени кайра тургузган күч — өзүм экенмин. Мен сындым, бирок талкаланган жокмун. Ыйладым, бирок көз жашым менен кошо үмүтүмдү агызган жокмун.

Бүгүн артка кылчайып карасам, өкүнгөнүм — ага болгон куру ишеним. Өкүнгөнүм — өзүмдү унутуп, бирөөнүн бактысы үчүн жашап калганым. Эми болсо бир гана нерсени билем: аялдын баркы анын жанында ким турганы менен эмес, өзүн канчалык баалай билгени менен өлчөнөт экен. Эгер менин тагдырымды окуп жаткан аял болсо, бир гана сөз айтам: жаштыгыңды, өмүрүңдү жана жүрөгүңдү өзүңдү баалабаган адамга арнаба, балдар үчүн деп өзүңдү курман кылба. Анткени кеткен адамга эмес, өзүңдү сактап калганыңа кийин миң жолу ыраазы болосуң.

Тектеш кабарлар

Back to top button