Бишкек ЖЭБинде оңдоо иштери уланууда

Бишкек шаарындагы ЖЭБде күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү максатында оңдоо иштери улантылууда.
Муниципалитеттен маалымдашкандай, бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, алдыдагы жылытуу мезгилинде негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган.
«Учурда ЖЭБдин казан, турбиналары капиталдык оңдоодон өтүп, эски тетиктери жаңыланууда. Жабдууларды мындай техникалык диагностикалоо алардын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатат», — деп айтылат маалыматта.
Оңдоо иштеринин комплексин ишке ашыруу жылуулук жана электр энергиясын туруктуу өндүрүүнү, ошондой эле максималдуу жүктөмдөр мезгилинде борбор калаанын тургундарын ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.



