Бишкек шаарында орточо айлык акы 62 миң сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 49 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу номиналдык айлык акы 21,3 пайызга өскөн. Былтыр январь–апрель айларында орточо маяна 40 миң 776 сом болгон.
Инфляциянын деңгээли эске алынганда реалдуу айлык акы 9,9 пайызга көбөйгөн.
Аймактар боюнча эң жогорку орточо айлык акы Бишкек шаарында катталган. Борбордо бул көрсөткүч 62 миң 674 сомду түздү.
Облустар арасында орточо айлык акы төмөнкүдөй болду:
Ысык-Көл облусу — 54 миң 52 сом;
Талас облусу — 47 миң 110 сом;
Нарын облусу — 46 миң 128 сом;
Жалал-Абад облусу — 40 миң 581 сом;
Чүй облусу — 38 миң 542 сом;
Баткен облусу — 35 миң 665 сом;
Ош облусу — 31 миң 995 сом.
Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтар расмий иштеген кызматкерлердин орточо айлык акысын камтыйт.



