Спорт
Дүйнө чемпиондугунун финалы Бишкекте чоң экрандан көрсөтүлөт

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине арналган расмий фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
19-июлда майрамдык программа саат 21:00дө башталат. Ал эми түнкү саат 01:00дө күйөрмандар финалдык беттешти чоң LED-экран аркылуу түз эфирде көрө алышат.
Коноктор үчүн фудкорт, көңүл ачуучу аянтчалар, белектердин ойнотулушу жана башка кызыктуу иш-чаралар уюштурулат. Кеченин башкы музыкалык коногу ырчы Ulukmanapo болот.
Фан-зонага кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.



