Окуялар

Чек арада мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Видео

УКМК Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте мамлекеттик чек аранын коңшу мамлекет менен чектеш өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын жана башка көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманын ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы «Кадамжай» жана «Чечме» көзөмөл-өткөрүү пункттарында аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдары кармалды.

Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү улуттук валюта, Өзбекстан Республикасынын сумдары жана АКШ долларлары табылып, далил буюм катары алынды.

Мындан тышкары, кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында УКМКга «Кадамжай» көзөмөл-өткөрүү пунктунан 17 чек ара кызматкери, Мамлекеттик бажы кызматынын 5 кызматкери, Ветеринардык көзөмөл кызматынын 1 кызматкери, 1 фельдшер жана 3 жаран жеткирилди. Ал эми «Чечме» көзөмөл-өткөрүү пунктунан 11 чек ара кызматкери жана Мамлекеттик бажы кызматынын 3 кызматкери жеткирилди.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу, пара алуу жана пара берүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертет. Мындай фактылар аныкталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү процесстик чараларды көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууну өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button