Коом
Мэр Айбек Жунушалиев Бишкек чоң кыштакка айланып калбайт деп убада берди

Ал Бишкектин аянты үч эсе чоңойгондо спекуляцияга жол бербеш үчүн жер трансформациялоого мораторий киргизилерин эскертти.
“Биз жерди кепелерди куруш үчүн алып жаткан жокпуз. Кичи райондор негизделип, калаа өнүгүшү керек. Соцтармакта шаарды чоң кыштакка айландырып салышат деп сындагандар көп. Андай болбойт. Биз калааны кеңейтүү менен эле чектелбей, үстүгө карай да өстүрөбүз”, — деди мэр “Ала-Тоо 24” каналына берген маегинде.



