Коом
Айыл чарба министрлиги быйыл Ысык-Көлдө картошка менен Таласта төө буурчакты азыраак эгүүгө чакырды

Анын ордуна кант кызылчасын өстүрүү сунушталууда.
Кыргызстан ар түрдүү баалоолор боюнча кумшекер менен өзүн-өзү 50-80 пайызга камсыздайт. Калган керектөө импорттун эсебинен жабылат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылы кант кызылчасын эки облуста (Чүй менен Талас) өстүрүшкөн. 2022-жылы аталган өсүмдүк Ысык-Көлдүн Түп районунда дагы 7 гектар жерге эгилген.



