Коом

Кылмыштын бетин ыкчам ачкандыгы үчүн Жайыл РИИБдин кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди

Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун атына ири өнөр жай ишканаларынын бири “Карабалта Тоо-Кең” комбинатынан ыраазычылык кат келип түшкөн.

Бул катта «Кара-Балта Тоо-Кең” комбинаты ААКнын администрациясы Жайыл РИИБдин кызматкерлерине кызматтык милдеттерине ак ниет мамиле жасагандыгы жана мүлктү уурдоого байланышкан кылмыштын бетин ачууда ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылык билдирилген.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 19-январына караган түнү кол салгандар ишкананын аймагынан 70 метр электр кабелин уурдап кетишкен. Уурулуктун натыйжасында келтирилген материалдык чыгым 240 миң сомдон ашык болгон.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «уурулук» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жыйырма төрт жаштагы эки жаран автоунаасы менен кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Учурда келтирилген материалдык чыгым калыбына келтирилди.

Аталган каттын автору бул кылмыштын бетин ачууга катышкан милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип кеткен.

Алар, Жайыл РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы милициянын майору Руслан Тыныбеков, Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкерлери милициянын капитаны Азамат Асанбеков жана милициянын майору Акрам Касымов, Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, милициянын капитаны Ырыскелди Эркинбеков, милициянын майору Алмаз Тойгонбаев жана Тилек Эсенбеков, ошондой эле Жайыл РИИБдин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын капитаны Мурадил Шакенов.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүк жана адамдык сапаттарын жогору баалап, ак ниет кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button