Алматыда жер көчкү турак жайларды басып калды

Буга суу түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Баткак эки үйдү каптап калган. Аларда төрт адамдан турган үй-бүлө, анын ичинде эки бала болушу мүмкүн экени айтылды.

Жакынкы үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланып, жеринде 160тан ашык куткаруучу иштеп жатат.