Манамага айрым кыргызстандыктар гана визасыз кире алат. Алар кимдер?

Манаманын борбору Бахрейнге дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспортко ээ болгон кыргызстандыктар гана визасыз кире алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Бул эреже 12-февралдан тарта күчүнө кирди. 

“Кыргызстандын жана Бахрейндин жарандары – дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болуу үчүн визалык талаптардан бошотулат”, – деп айтылат маалыматта.