Эгиз кыздарын сабаган 21 жаштагы келин энелик укугунан ажыратылды

Мындай чечимди Араван райондук соту 7-февралда чыгарган. Аял шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, сот залында камактан бошотулду. Ал эми эгиз кыздар атасында калган. 

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрында кыздарын сийип койгондугу үчүн сабаган эненин видеосу тараган. Кийинчерээк келин кармалып, “Уруп-сабап кыйноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эгиз кыздар анын биринчи күйөөсүнөн экени, ал сабаган учурда экинчи күйөөсү менен жашап жатканы маалым болгон.