Коом

Министрлик: Ысык-Көлдө жарык пландуу өчүрүлүп турат

Каракол шаарында 1700 метр СИП зымдары орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүшөт. Бул үчүн энергетика тармагынын кызматкерлери электр линияларын куруп жана реконструкциялап, трансформатордук көмөкчордондорду орнотуп, иштеп жаткан трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатып, электр жабдууларын капиталдык оңдоодон өткөрүп, аба чубалгыларын бак-дарактардын бутактарынан тазалашат.

Каракол электр тармактары 2024-жылы электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында жалпы узундугу 1700 метр келген өзун-өзу көтөрүүчү изоляцияланган СИП зымдарды орнотушат.

Ошондой эле 10 кВ 3 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондор орнотулуп, 6 трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторго алмаштырылат.

Мындан тышкары, 80 чакырым электр чубалгысын жана 42 трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү каралган.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн 100 чаыкрым узундуктагы электр чубалгыларынын боюндагы бутактарды кыюу пландалууда.

Жогорудагы иштердин бардыгы берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button