Коом

Эмгек министрлиги Россиядагы мигранттарга кайрылды. Акцияга катышпай, балдарды карагыла

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү социалдык тармактар жана популярдуу Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды Россиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн активдүү жалдоо жүрүп жатканын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, жалдоочулар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштеп, аялуу адамдарга, депрессияга кабылган же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылгандарга, диний, маданий, улуттук жана башка социалдык багыттар боюнча ар кандай топтордогу кат алышууларды талдоо аркылуу жабырлануучуларды аныктоодо.

Өкүлчүлүк Россиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

Ошол эле учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги террордук актыга катышуу Россия Федерациясынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button