Коом

Токтогулда жаран 30 баш коюн алдатып жиберген. Шектүү дааваттан келгенде кармалды

Токтогул милициясы 30 баш койду карызга алып, акчасын бербей жүргөн жаранды чет өлкөдөн дааваттан учуп келген учурда кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Токтогул РИИБге Чүй облусунун Сокулук районунун 56 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 5-октябрь күнү ага сырттан тааныш болгон “Боря” аттуу жаран 30 баш койдун ар бирин 13 миң 500 сомдон баалап, акчасын 2023-жылдын 25-декабрына чейин берем деп ушул күнгө чейин алдап, бербей жүргөндүгүн билдирген. Натыйжада арыз ээси 405 миң сомдук материалдык чыгым тарткан.

Бул факты Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун 1982-жылы туулган тургуну экендиги аныкталып, чет өлкөгө чыгып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланган. Кечээ, 27-март күнү ал Пакистандан 4 айлык дааваттан учуп келген учурда Бишкек шаарынан кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button