Окуялар

100 миң сомун алдап кеткен. Бишкекте 28 жаштагы шектүү кармалды

Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 18-январда милицияга шаар тургуну кайрылып, 8-январда М.Ж. аттуу жаран 10 миң бышкан кыш алып келем деп 100 миң сом алып, алдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Арадан бир нече ай өткөндөн кийин бул ишке шектүү катары 28 жаштагы М.Ж. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(998) 88-81-02 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button