Коом

Өткөн жылы 8 судья кызматтан кетип, 35 сот тартиптик жазага тартылды

2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылды. Дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку соттун судьясы Кыдык Жунушпаев Жогорку Кеңештин 15-майдагы отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал Кыргызстанда сот системасы тазаланып келатканын, парламент 15-майда экинчи окууда кабыл алган “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ да жардам бере турганын билдирди.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 16-апрелде Кыргызстанда 2023-жылы судьяларга каршы 11 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button