Коом

УКМК: Майнинг-фермалардын 900дөн ашык мыйзамсыз жабдуулары, иштери аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын жоюу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы майнинг-фермалардын (криптовалютаны өндүрүү) мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык  жабдуу аныкталып, алынды.

Аталган майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын бардык көлөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкка берүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button