Коом

Бакиевдин президенттик төш белгиси 14 жылдан кийин Тарых музейине тапшырылды

2010-жылкы төңкөрүш учурунда Акүйдөн президенттин төш белгисин алган жаран аны Улуттук тарых музейине тапшырды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Тынчтыкбек Аметов жана музейден ырасташты деп жазды аталган сайт.

Тынчтыкбек Аметов 18-май күнү музейдин жетекчилигине өткөрүп бергенин билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык төш белгини 2010-жылы төңкөрүш учурунда Акүйдөн алган.

“Акүйгө кирип барганда айнек текчеде кутучада президенттин төш белгиси турган экен. Мен алып чөнтөкө салып койдум”, — дейт Тынчтыкбек Аметов.

Ал төш белгини 14 жыл бою сунушталган чоң суммадагы акчага дагы саткан эмес.

“Мен он төрт жыл бою сары майдай сактап жүрдүм. Көп киши сурап, 5-10 миң доллар сунуштагандар болду. Ал алтын менен күмүштөн жасалган экен. Сатпай койдум”, — дейт ал.

Булак: Reporter.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button