Саясат
Акылбек Жапаров Сердар Бердымухамедов менен Ашхабадда жолугушту

Ал белгилегендей, 2023-жылы Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 63,5 миллион долларды түздү. Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, өлкөлөр ортосунда пайдаланылбаган соода-экономикалык жана инвестициялык потенциал бар.
Тараптар транзиттик потенциалды өнүктүрүү, электр энергиясын импорттоо жана эки тараптуу кызматташуунун башка маселелерин талкуулашты.



