Коом

УКМК: Нарын облусунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалды

КР УКМК Нарын облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында жана соттун санкциясы менен Нарын облусунун Ат-Башы районунун Большевик айылында “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 9 активдүү мүчөсү жашаган жерлерде тинтүү иштерин  жүргүздү.

Анын жыйынтыгында “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымына тиешелүү көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү китептер, дептерлер жана журналдар, ошондой эле электрондук ноутбуктар, флешкалар жана телефондор табылды. Алынган материалдар боюнча соттук экспертизалар дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалып, Нарын ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Белгилей кетсек, уюмдун 3 мүчөсү  аталган экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button