Коом

Эмгек министрлиги: Дүйшөмбү, 17-июнь, эс алуу күнү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ай календары боюнча аныкталган “Курман айт” күнүн расмий түрдө 16-июнь дем алыш (жекшемби) деп жарыялаганын билдирди.

Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.
Демек, дүйшөмбү, 17-июнь, беш күндүк жана алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлери үчүн дем алыш күн болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button