Республикалык тестирлөөдө эң жогорку упайды Бишкек шаарынын окуучулары алды. ТИЗМЕ

21-июнда Кыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана абитуриенттер тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы белгилүү болду. Билим берүү жана илим министрлигинин сайтындагы маалыматта быйыл жалпы тестирлөөдө 56 окуучу эң жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алганы кабарланды.
Эң жогорку — 234 упайды Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян Университетине караштуу орто мектептин бүтүрүүчүсү Аминат Гордаева, Бишкектеги №29 гимназиянын мурдагы бүтүрүчүсү Максат Оморов жана таластык окуучу Элнура Эркинбекова алды.
Быйылкы «Алтын сертификатка» жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн көптүгү менен «Сапат» билим берүү мекемеси 1-орунга чыкты. Аталган мекеменин жер-жерлердеги 13 окуучусу «Алтын сертификатка» ээ болду. Андан кийинки орунда — Бишкектеги №61 автордук мектептин жети бүтүрүүчүсү жогорку жетишкендикти көрсөттү. Жалпысынан Бишкек шаарынан – 34, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Чүй облусунан – 7, Нарын облусунан – 3, Баткен облусунан – 1, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 3 окуучу «Алтын сертификат» алат.



