Коом
Улуттук госпиталга бөйрөктөгү ташты талкалай турган заманбап аппарат коюлду

Аппарат бөйрөктөгү таштарды теринин сыртынан эле майдалайт, андан соң алар заара менен чыгат.
Саламаттык сактоо министрлиги урологияга кайрылгандардын 60% бөйрөгүндө таш болорун билдирип, эми бул жабдуунун жардамы менен бөйрөктөгү таштар операциясы жок алынарын белгилеген.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев мындай аппараттар менчик клиникаларда деле бар экенин айтып, бирок Улуттук госпиталдагы жаңы коюлганы арзан болорун билдирген.



