Коом

Ошто жаңы автобустар каттамга чыкты

Ош шаарында жаңы автобустар ишке кирди. Коомдук унаа жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана жайкы ысыктан сактаган шамалдаткычтары бар. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан алынган ISUZU SAZ LE 60 үлгүсүндөгү жаңы автобустар №43 автобустук каттамга чыкты. Аталган каттам №143 кичи автобус каттамын алмаштырды. Кийинки жумадан тарта жаңы автобустар төмөнкү багыттар боюнча №7 жаңы автобустук каттамга чыга баштайт.
Мындан тышкары, жакынкы күндөрдө жаңы автобустар №49 жана №25 автобустук каттамдарына чыгышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button